• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүдөн 4 адам каза болду - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 2017-жылдын 27-март күнү саат 15:16 чамасында 255-чакырымында көлөмү болжол менен 6720м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 Хово, райондук Суу-чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылган.

27-март күнү тартылган техникалар тарабынан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 21:30 чамасында унаа жол ачылган. Бирок, унаалар өтө баштаган учурда кайрадан көлөмү болжол менен 18 000 м3 кар көчкү түшүп, 3 жеңил унааларды басып калган.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 20 куткаруучу, №94 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучусу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 25 куткаруучу, 1 КамАЗ НЕФАЗ унаасы, КР ӨКМнин Куткаруу даярдоо мамлекеттик бөлүмүнүн 4 куткаруучу тартылган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар катталган аймака барып абалды көзөмөлгө алган.

2017-жылдын 28-март күнү куткаруучулар тарабынан түшкөн кар көчкүнүн астынан «Тойота Пикап» унаасы чыгарылган, унаанын ичиндеги 4 адам каза болгон.

Андан сырткары “Лексус” унаасы чыгарылган, унаадагы жүргүнчүлөрү (1 эркек, 2 аял) жабыркаган эмес.

Куткаруучулар тарабынан “Субару-Легаси” унаасы көчкү астынан чыгарылып, ичинде калып кеткен 1 аял жана 2 экек киши куткарылып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.

27-март күнү саат 06:00дө Чүй облусундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга жана Жалал-Абад облусундагы Арал постунда баардык унааларга чектөө киргизилген.

Чүй облусунун Сосновка постунда токтоп тураган жүргүнчүлөр үчүн жылынуу жана тамактануу пункту уюштурулган.

Тартылган техникалар жана куткаруучулар тарабынан унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 28-март күнү саат 06:30да толук ачылган. Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашы улгайган жана кош бойлуу жүргүнчүлөрдү убактылуу кабыл алуу үчүн “Интурист” мейманканасы даярдалган. Токтогул районундагы “Каныкей”, “Маканбай-Ата”, ”Медер”, “Нооруз” кафелеринде тамактануу үчүн 300 адамга эсептелген тамак аштын көрөнгөсү даярдалып, унаалардын айдоочуларына зарылчылык болбосо кайра артка кайтуусу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылдын 27-март күнү КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан Калкка маалымдоонун жана билдирүүнүн жалпы мамлекеттик комплексттик системасын колдонуп, теле-радио берүүлөр (РТР, ОРТ, КТР, 5-канал, Пирамида жана 1 радио) аркылуу Бишкек-Ош унаа жолунда катталган кар көчкүлөрдүн кесепетинен жаралган кырдаал, жер көчкү коркунучу боюнча, бардык унаалар үчүн киргизилген чектөөлөр, ага байланыштуу айдоочулар кооптуу аймактар аркылуу жолго чыкпай туруусу жөнүндө элге эскертилген.

28-март күнү саат 06:30 да Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, Чүй облусунун Сосновка жана Жалал-Абад облусундагы Арал постундагы унааларга коюлган чектөө алынып, каттам жөнгө салынган.

Пикир

Оставить комментарий