• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Суу районунда мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Ак-Суу районунда мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Кечээ, 18-апрелде Ак-Суу РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Кайырма-Арык айылынын тургунун үйүнүн короосунда кыйылгын карагайлар жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Маалыматты текшерүү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясына өткөрүлүп берилген. Аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, Кайырма Арык айылынын М.А. аттуу тургунунун короосунан мыйзамсыз кыйылган 5 даана 5 метрлик карагай табылган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин КБРне катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий