• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын колдонуу тартиби өзгөрдү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын колдонуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин кайрылууларын, андан тышкары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңештерин, корорнавирустун таралуу өзгөчөлүгүн эске алып коргонуучу каражаттарды колдонуунун процедураларын карап чыгып, аларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун эске алуу менен коргонуу деңгээлдери бекитилди. Тобокелчилик деңгээли төмөн болгон биринчи деңгээлге кирген саламаттык сактоо мекемелеринде (үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП, башка стационарларда) КРВИ ооруларынын белгилери жок, кооптуу өлкөлөргө барбаган, COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен байланышта болбогон бейтаптар менен иштеген кызматкерлер үчүн биринчи деңгээлдеги коргонуучу каражатка бир жолу колдонулуучу беткап кирет. Тобокелчилик деңгээли орточо болгон экинчи деңгээл: саламаттык сактоо мекемелерине - үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП, башка стационарларга КРВИ белгилери бар (жөтөл, тамак оору, дене табы бар) бейтап кайрылса медицина кызматкерлери төмөнкү коргонуучу каражаттарды кийет: респиратор, коргонуучу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, андан тышкары коргонуучу костюм же бир жолу кийилүүчү медициналык халат, чепчик, колкап, алмаштырылуучу туюк бут кийим. Ал эми тобокелчилик деңгээли жогорку болгон саламаттык сактоо мекемелеринде COVID-19 менен ооруган же COVID-19 оорусун жуктуруп алды деп шектелген бейтаптарды
дарылап иштеген (обсерватор, инфекциялык стационар, көчмө бригада, тез жардам кызматында иштеген) кызматкерлердин коргонуучу каражаттарынын катарына төмөнкү коргонуучу каражаттар кирет: респиратор, коргонуучу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргонуучу костюм же бир жолу кийилүүчү узун жеңдүү медициналык халат, чепчик, колкап, алмаштырылуучу туюк бут кийим жана анын үстүнөн бахила кийилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий