• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакашова: Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендигин коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдады.

Бакашованын йтуусуна караганда, COVAX механизминин алкагында 2021-жылдын сентябь айынын аягында Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө келери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы күтүлүп жатат.

"2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши маселеси каралууда. "Биз дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен келечектеги вакциналарды алуу боюнча ишти улантуудабыз", - Бакашова.

Пикир

Оставить комментарий