• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 25,5 миң адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 25 миң 534 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 14 миң 113 адам вакцинанын биринчи дозасын, 11 миң 421 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 517 миң 40 адам, 143 миң 624 адам экинчи компонентин алды.

Пикир

Оставить комментарий