• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. 35 бейтаптын абалы оор − 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 35 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, азыркы тапта ооруканаларда 525 адам дарыланууда. Алардын ичинен 35 бейтаптын абалы оор − 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 161 адамдын абалы орточо оор, 332 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле 575 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3151ди түзөт. Алардын ичинен 2011 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 37 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий