• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республика боюнча коронавирусту орто курактагы 826 адам жуктурган - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, илдеттен жалпы 1668 жаран айыкты. Кыргызстан боюнча обсервацияларда 1 миң 693 жаран, стационарларда 472 бейтап болууда.

"Коронавирусту 15 жашка чейинки 269 бала жуктурган. Анын ичинен 1 жашка чейинки 33 ымыркай бар. 16 жаштан 19 жашка чейин 84 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 826 адам, 36 жаштан 55 жашка чейин 653 жаран жана 56 жаштан жогору 334 киши илдетке кабылган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий