• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир күндө 586 адамдан коронавирус табылып, бирөө каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 435, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 37 жана Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 111 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 660 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 490 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 206 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 740 киши айыгып чыкса, 2 миң 827 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий