• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамынын 70%ы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамынын 70%ы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМдин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн активдүү өтүүдө.

“Биздин кызматкерлер куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, жарандык коргонуу кызматкерлери калк менен тыгыз жумуш алып барышууда, алардын ичинен улгайган, тобокелге кабылган адамдар жаш балдар кезигет. Ошондуктан, биздин кызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү тездетүүнү чечти”, - деди ал.

Жусупов белгилегендей, бул эпидемиологиялык кырдаалда эмдөө адамдын ден соолугуна кам көрүү эле эмес, социалдык жоопкерчилик. “Андыктан эмдөөдөн өтө элек ар бир адамга өзүнө жана жакындарына кам көрүп, эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий