• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 522 адамдан табылып, бирөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 522 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 110, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 58, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 26, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 90 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 469 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 91, Ош шаарында - 37, Чүй облусунда - 41, Ош облусунда - 82, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 90, Баткен облусунда - 67 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 49 миң 97 адам айыкса, 57 миң 798 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 139 жаран көз жумган. Бир күндө бир өлүм катталды. Баткенде бир адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 444 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 580 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 605 учур катталды, алардын ичинен 3 309 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий