• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина түрүндөгү гумжардам көрсөтөт

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга акысыз негизде гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы вакцинанын 150 миң доза көлөмүндөгү экинчи партиясын берүүнү чечти.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында, кечээ Сиань шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КР ТИМи жана Кытай ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду.

undefined

Пикир

Оставить комментарий