• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө COVID-19 учурлары көбөйгөн аймактарга төрт район жана эки шаар кирди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө COVID-19 учурлары көбөйгөн аймактарга төрт район жана эки шаар кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 30 июлга карата облус боюнча COVID-19 учурлары көбөйгөн аймактарга төмөндөгү жерлер кирди:

- Ысык-Көл району;

- Каракол шаары;

- Жети-Өгүз району;

- Балыкчы шаары;

- Ак-Суу району;

- Түп району.

“Бүгүнкү күндө облус аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Эпидкырдаал курчугандан баштап Ысык-Көл облусу боюнча лабораториялык тастыкталган жана клиника-эпидемиологиялык короновирустун катталышы 11 миң 5 адамды түздү. Жалпы облус боюнча COVID-19 жана пневмониянын дарылоо үчүн 600дөн ашык койка-орун бар. 300 койка “кызыл зона” үчүн каралган. Учурда стационарларда 350 бош койка-орун бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий