• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Мээрим” теледолбоорунун катышуучуларына - ата-энесинен ажыраган балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды

Президент 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан бардык аймактардан Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери тапшырышты.

«Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусуна белектерди Президент Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырат, алар бүгүн Мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жетим балдарды, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий