• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мектепке электрондук каттоо" долбоорунун экинчи этабы 16-майда башталат

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. "Мектепке электрондук каттоо" долбоорунун экинчи этабы 16-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, 14-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 8 миң 465 арыз келип, анын ичинен 6 миңден ашуун бала мектепке кабыл алынган.

Биринчи класска тапшыруу үчүн кичи аймак (мектепке караган чакан аймак) боюнча электрондук арыздар 16-майга чейин кабыл алынат.

16-майдан 15-августка чейин кичи аймактардан тышкары электрондук арыздар кабыл алынат.

Белгилей кетсек, "Мектепке электрондук каттоо" долбоору – мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система.

Система ушул жылдын 15-февралында ишке киргизилген. Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын мектепке катталуусун каалаган учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.

Бишкек шаарынын мектептерине түшкөн өтүнмөлөрдүн статистикасы mektep.edu.gov.kg сайтында онлайн режимде көрүүгө болот. Баардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.

Пикир

Оставить комментарий