• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар депортацияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Түркия мамлекетинин Хопа шаарында сойкулук кылууга мажбурлаган 40 адам кармалып, 110 чет элдик жаран депортацияланган. Бул тууралуу haberler.com маалымат порталы жазып чыккан

Берилген маалыматка ылайык, Хопа округунун полиция Департаментинин кызматкерлери көңүл ачуучу жайларда жана мейманканаларда сойкулук жасагандарды кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында 40 адам кармалган. Арасында ошол сойкуканалардын жетекчилери жана администраторлору да бар. Андан тышкары жугуштуу венерологиялык оорулар менен күрөшүү максатында жүргөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Украина, Грузия, Армения, Румыния жана Марокко мамлекеттеринен келген 110 жаран депортацияланган.

Пикир

Оставить комментарий