• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия: “Ош-Тазалык” Ош шаарындагы алдыңкы ишканага айланат

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда, “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, аталган ишкананын эмгек жамаатынын калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.

Вице-мэр 2022-жылы шаарда тазалыкты калыбына келтирүү жаатында олуттуу реформалар жүргүзүлө турганын кошумчалады.

“Быйыл шаарда тартипти жана тазалыкты калыбына келтирүү жаатындагы иштерди күчөтөбүз. Андыктан “Ош-Тазалык” ишканасынын алдында чоң милдеттер турат”, - деди вице-мэр.

Алардын ичинен негизгилерине токтолду.

- Абоненттердин санын көбөйтүү. Анын ичинде коммерциялык түзүмдөр менен иш алып баруу. Бул эң маанилүү багыттардын бири болуп саналат;

- “Ош-Тазалык” ишканасынын контейнерлерине таштанды таштаган Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймактарында жашагандарды абоненттик базага кошуу. Бул үчүн чектеш аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда;

- Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалоо үчүн кошумча 100 кызматкерди кабыл алууну шаардык кеңештин депутаттары менен макулдашуу. Муниципалдык аймактык башкармалыктарга көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушууларды уюштуруу тапшырылды;

- Таштанды полигонуна таштандыны сорттоочу завод куруу.

“Ошону менен бирге быйылкы жылы эмгек акыны 50%га көтөрүү пландалууда. Бул шаар тазалыгын камсыздагандарга жакшы стимул болот. Ошондой эле атайын техникаларды жаңылоого өзгөчө көңүл бурулат. Жыл сайын 2-3 даана заманбап атайын техникаларды алуу планы бар. Жумушту жакшыртуу боюнча сиздердин демилгелериңиздер колдоого алынат. Сиздерден жакшы жыйынтыктарды күтөбүз. “Ош-Тазалык” алдыңкы ишканага айланышы керек”, - деп белгиледи вице-мэр.

Жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчиси Исмаилов 2021-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгына токтолду. Өткөн жылы абоненттердин саны 229 миңден 259 миңге көбөйгөнүн билдирди. “Ощ-Тазалык” тейлеген соода обьектилеринин саны 2 776дан 3 812ге өскөн.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында ишкананын кызматкерлери менен пикир алмашуу да болду.

Пикир

Оставить комментарий