• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэриянын кызматкерлери үчүн акысыз кыргыз тилин үйрөтүү курстары өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.05.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү кызматчылары үчүн акысыз окуу курстары өтүлүп жатат.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, окутуулар “Кыргыз тили” А1 баштоочу жана А1 улантуучу деңгээлдери боюнча жүргүзүлүүдө.

Окуу курстары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын жана өкмөттүн токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий