• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мерил Стрип аял журналисттердин ишине суктанды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Америкалык актриса Мерил Стрип 15-ноябрда өткөн International Press Freedom Award аземинде чындык үчүн күрөшүп, иликтөө иштери үчүн кысымга жана кол салууга кабылган аял журналисттерге суктанарын билдирди.

Ал бир нече ысымдарды атады, алардын арасында Татьяна Фельгенгауэр, Юлия Иоффе, Мария Гессен, Нора Эфрон жана Мирослава Бич бар.

Стриптин айтымында, иликтөөчү журналист болуу үчүн эч качан мынчалык кызыктуу жана коркунучтуу учур болгон эмес. “Бул адамдарга суктанам, себеби мен чыныгы эр жүрөк киши эмесмин”, — деди ал.

International Press Freedom Award – сөз эркиндигин коргоодогу эрдик үчүн берилген журналисттик сыйлык.

23-октябрда "Эхо Москвы" радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэрге кол салуу болгон. Ал моюн тушка бычак жеп, оор абалда ооруканага жеткирилген. "Эхо Москвы" радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов кол салууну Орусиядагы ММК кызматкерлерине карата жек көрүүчүлүк маанай менен байланыштырып, Фельгенгауэрди опузалаган маалыматтарды тергөөгө берген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий