• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Метеобайкоонун тарыхында 2016-жылы аба ырайы кескин ысыган

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. 2016-жылы жалпы жер бетинин температурасы байкоолордун 137-жылдык тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Бул тууралуу 10-августта жарыяланган АКШнын Улуттук океандарды изилдөө Аба отчетунда айтылат.

1981-жылдан 2010-жылга чейин жазылып алынган орточо салыштырмалуу абанын температурасы 0,45-0,56 градуска жогорулаган. Экологдор муну глобалдык жылуулук менен байланыштырат деп жазды “DW”.

Мындан тышкары, дүйнөлүк океан бетинин орточо температурасы 2015-жылдын 0.01-0.03 градус индексинен ашып, рекорддук жогорку көрсөткүчкө жеткен. Дүйнөлүк деңиз деңгээли дагы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Жалпысынан, бул көрсөткүч 1993-жылы спутник технологияларын жардамы менен белгилеп баштагандан 82 мм чейин жогорулаган.

Ошол эле учурда, 1981-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил ичинде салыштырмалуу тропикалык бороон көп болгон. Өткөн жыл ичинде Парник газдарынын топтолушу максималдуу көрсөткүчкө жеткен.

Июнь айында АКШнын президенти Дональд Трамп глобалдык жылуулук менен күрөшүү боюнча Париж Климаттык макулдашуу келишиминен чыгаарын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий