• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мигранттардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө? Эмгек министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарды ишке орноштуруу Борбору, эмгек мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди.

Белгилей кетсек, кыргыз мигранттары жөнүндө маселе Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда көтөрүлгөн.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, чет өлкөгө жөнөп жаткан жарандар Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенге чейин, акысыз негизде чыгып кетүү алдындагы даярдыктан, өтүшөт. Бул иш-чара министрликте дайыма жана туруктуу негизде журүп турат.

  • тышкы эмгек миграция жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору жөнүндө;
  • жумушка орношо турган мамлекетке кирүү/мамлекеттен чыгуу тартиби жөнүндө;
  • жумушка орношкон мамлекеттин эмгектик мамилелер жаатындагы мыйзамдарынын жоболору жөнүндө;
  • ишке орношкон мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде убактылуу же туруктуу консулдук эсепке алуу
  • Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана/же консулдук мекемелеринин жайгашкан жерлери жана телефон номерлери жөнүндө;
  • кызматкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон эл аралык уюмдар (институттар) жөнүндө;
  • иш менен камсыз болгон өлкөнүн социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
  • адамдарды сатуу, эмгек, сексуалдык жана эксплуатациялоонун башка түрлөрү менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө;
  • иштеген өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын жайгашкан жери жана телефондору жөнүндө (эгерде бар болсо);

Ошондой эле, бүгүнкү күндө www.migrant.kg расмий сайты активдүү иштеп жатат.

"Бул сайттан жарандарыбыз түз байланыш аркылуу эмгек миграциясына байланыштуу маалыматтарды алат жана атайын белгиленген шилтемелер аркылуу, ыңгайлуу болгон социалдык баракчаларга (Facebook жана Instagram (Info.migrant.kg)) өтүп, жаралган суроолоруна жооп ала алышат. Мындан тышкары, миграция жаатында маалымат алуу үчүн 1899 ишеним телефону иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына караганда, чет өлкөдө жумушка орношууну каалаган өлкөсүнө барганга чейинки даярдоонун интерактивдүү программасын өтүүгө мүмкүндүк берүүчү онлайн курс киргизилген. Курс сайтта жумушка орношуу үчүн жеткиликтүү өлкөлөр жөнүндө маанилүү маалыматтарды камтыйт www.migrant.kg: эмгек миграциясына даярдануу тартиби, жумуш издөө, виза, каттоо, салыктар жана аларды кайтаруу маселелери камтылган.

Курсту аяктап, тестти ийгиликтүү тапшыргандан кийин колдонуучулар алдын ала даярдыктан өткөндүгү тууралуу электрондук сертификат ала алышат. Бул сертификат жарандардын кетээрден мурун керектүү билимди жана көндүмдөрдү өздөштүргөндүгүн тастыктаган электрондук документ болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий