• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүн тургундарынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери кызматтык көчмө кабылдамасы менен алыскы айылдарды кыдыруусун улантууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери алыскы сырт өрөөнүнүн тургундары менен кезигип, аймакта эки күндүк иш сапары менен болуп келишти. Жарандарды кабыл алуу учурунда милиция кызматкерлери ар бир жергиликтүү тургундун маселесин кунт коюп угуп, мүмкүн болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

Маселелерди чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга багытталган билдирүүлөрдү, арыздарды кабыл алышты.

Жергиликтүү тургундар белгилешкендей, кышкы мезгилде карышкырлардын малга кол салуу учурлары көбөйүүдө. Алар менен күрөштү негизинен өз күчтөрү жана каражаттары менен жүргүзүп келгендиктен, тийиштүү органдар тарабынан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнүштү.

Жети-Өгүз райондук милициясынын башчысы Тилек Тюкебаевдин айтымында, Карасай, Ыштык, Үч-Кошкон, Ак-Шыйрак жана Каракол сырттарында 110 түтүндө 356 адам өз оокаттары менен алектенишүүдө. Алар деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте мал чарбачылык менен турмуш сүрүп келишет.

Сырт аймагында аба ырайы катаал, температуранын төмөндөшү -15 градустан -40 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий