• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө имамдар билимин жогорулатууда

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда имамдардын билимин жогорулатуу аракеттери да жүрүп жатат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул багытта Ысык-Көл облустук казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмү менен Жети-Өгүз районунун хатибияты атайын кыска окуу курстарын уюштуруп, ханафи масхабынын негизинде сабактарды өтүүдө.

Аталган иш-чарага бардык район, шаарлардан 12 имам чакырылып, окуу сабагы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын борбордук мечитинде окуп жатышат.

5-декабрда башталган окуу курсу туура 10 күнгө созулуп, жыйынтыгында катышуучуларга тийиштүү сертификаттар тапшырылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев билдирди.

“Бул окуу курсу облустук казыят тарабынан демилгеленген. Учурда иш-чараны Жети-Өгүз районунун хатибияты менен биргеликте өткөрүп жатабыз. Иш мерчемине ылайык катышуучуларга ханафи масхабына тийиштүү китептер боюнча фыкх, шарият илими, акыйда, дубалардын мааниси жана Куран тажвид менен Куран тафсирден сабактар өтүлмөкчү», - деди Талгат Соноев.

Белгилей кетсек, окуу учурунда коронавирус эпидемиясына байланыштуу бардык санитардык эрежелерге шайкеш өткөрүлүп, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептик колдонуу сыяктуу талаптар аткарылууда.

Ушундай эле иш-чара башка район, шаарларынын хатибияттарында да өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий