• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу борбордук стадион оңдолууда - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Оштогу А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион оңдолууда. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук стадиоду оңдоону демилгелеп, жергиликтүү ишкерлер жана демөөрчүлөр колдоого алган.

Бүгүн, 25-мартта шаар мэри стадиондогу курулуш иштери менен таанышып, спорт сүйүүчүлөрүнө жакшы шарт түзүлө турганын билдирди. Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунучу жай жана ажатканасы оңдоодон өтүүдө.

"Мындан тышкары сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулууда. Калаа башчысы “Ошсвет” ишканасына түнкү жарыктандыруу боюнча да тапшырма берип, стадиондо түнү да машыгууга шарт түзүлүшү керектигин айтты", - деп билдиришти Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

“Быйыл ТҮРКСОЙ тарабынан Ош-түрк тилдүү элдердин маданий борбору деп жарыяланган. Ачылыш аземи 20-апрелде стадиондо өтөт. Шылтоо менен оңдоо иштерин колго алдык. Бизде эң негизги максат спорт сүйүүчүлөрүнө шарт түзүп берүү болуп жатат. Күйөрмандар футболдук беттештерди ыңгайлуу жерде көрүш керек. Футбол да өнүгүп жатат. Быйыл колдон келишинче оңдойбуз. Президенттибиздин аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгын ишкерлер да колго алып, жардам көрсөтүшүүдө. Кийинки жылдардан адамдар отурган жайлардын үстүн жабууну да планга киргиздик”, - деди мэр.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.

Пикир

Оставить комментарий