• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Бардык чаралар көрүлүүдө”. Ошто калкка таза суу берүү жумуштары жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасы бүгүн, 17-февралда эртең мененки саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Ош мэриясынын маалыматына ылайык, төрт атайын техника тартылган.

“Калкты суу менен камсыз кылууну тездетүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий