• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция УКМКнын жанындагы С.Жапаровдун тарапташтарын кубалап жиберди

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Милиция Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мекемесинин жанындагы экс-депутат Садыр Жапаровдун митингге чыккан тарапташтарын кубалап жиберди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар бар, алардын саны азырынча такталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн УКМКнын кызматкерлери Садыр Жапаров Казакстандын чек арасынан киргенде эле кармап кетишкен. Ал УКМКга жеткирилген.

Андан кийин УКМКнын жанында С.Жапаровдун тарапташтары чогулуп, алар экс-депутатты бошотууну талап кылышкан. Митингчилер бир нече ирет курчоону бузууга аракет кылышкан.

“Милиция кызматкерлери Жапаровдун тарапташтарын тынчтандыра алышты, бирок ошол учурда чогулгандардын арасынан пластик бөтөлкөлөрдү, таштарды ыргытышып, милиция кызматкерлерине кол сала башташты. Алар өздөрүн кызуу кандуулукка алдырып коюшту. Милиция кызматкерлери массалык тартипсиздикти алдын алуу максатында атайын каражатты эки ирет абага атуу менен митингчилерди кубалай башташкан. Коомдук тартипти бузган кызуу кандуу жаш жарандар кармалды”,-деп билдирди Бишкек ИИББдин басма сөз кызматынан.

Кармалгандар андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык ИИББнын Биринчи май райондук ИИБге жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий