• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырган "Бир ырдын сынагы" конкурсу жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырган "Бир ырдын сынагы" конкурсу жыйынтыкталганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн, эрдигин даңктоо жана Кыргыз милициясынын образын ачып берүү максатында уюштурулган поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылды.

"Сынакта биринчи орунду Кутмырза Жакыбалиев ээлеп, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды. Экинчи орунду Зайырбек Ажыматов (15 миң сом жана диплом), үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов (10 миң сом жана диплом), төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева (5 сом жана диплом) ээледи", - деп айтылат маалыматта.

Дагы кошумча сыйлыктар менен сынактын алты катышуучусу сыйланышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата "Бир ырдын сынагы" аттуу конкурс ушул жылдын 2-март күнү жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий