• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Эртең, 20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус, күндүз температурасы 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий