• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Бейшеналиев: Өлкөнүн өнүгүшү билим берүүгө түздөн-түз байланыштуу

Билим 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. “Өлкө башчысы билим берүүнү эң маанилүү тармактардын бири катары белгилеп, өзгөчө көңүл бурууда. Биз дагы ошого жараша татыктуу иш алып баруунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшү билим берүүгө түздөн-түз байланыштуу экендигин баарыбыз сезип, аңдап турабыз”, - деп билдирди билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев “Газпром Кыргызстан” мектебинде өткөн август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын ачылышында.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-августта 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата педагогика кызматкерлеринин август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын I бөлүгү өттү.

Секциялык иш-чаралар 11 багыт боюнча мастер-класстарды жана билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мекемелерде окуу жылын уюштуруу боюнча нускамалык – методикалык консультацияларды камтыды.

Белгилей кетсек, эртең, 23-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин республикалык салттуу конференциясы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий