• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрт жылдын ичинде Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 23 миңге жакын кыргызстандыкты окутту

Билим 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Төрт жылдын ичинде Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 23 миңге жакын кыргызстандыкты окутту, - деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) 2016-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле иш берүүчүлөргө кыска мөөнөттүн ичинде кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн.

КӨФтүн алкагында катталган жерине байланыштырбастан, 16 жаштан 63 жашка чейинки каалаган адамдар үчүн жана иш берүүчүлөрдүн заказдары боюнча кыска мөөнөттүү курстар (1 айдан 4,5 айга чейин) уюштурулган.

КӨФ иш алып барган мезгилдин ичинде ал аркылуу өлкөнүн бардык региондорунан 22 794 адам окутулган, анын ичинде 780 ДМЧА. Иш берүүчүлөрдөн курстарга карата заказдардын үлүшү 55% жана жеке изденүүчүлөр – 45% түздү. Курстарга катышуучулук 97%, ишке орношуу 75%, аялдардын гендердик курамы 47% түзөт.

КӨФтү андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 13-ноябрында № 550 токтом кабыл алынган, ага ылайык “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси түзүлдү. Уюмдаштыруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

“Кадрларды даярдоонун заказчылары жеке компаниялар жана ишканалардан тышкары мамлекеттик органдар, ассоциациялар, тармактык кеңештер, инвестициялык долбоорлор, ЖӨБ органдары ж.б. боло алат. Кандай болбосун бизнес суроо-талапка ээ кесиптер боюнча окутуучу курстарды уюштуруу жана өткөрүү максатында КӨФкө кайрыла алат. Жеке жактар да бизге катталган жерине карабастан, окууга жана кайра окууга өтүнмө бере алышат. Курстар аяктагандан кийин окуу жайлар тарабынан бүтүрүүчүлөргө ээ болгон кесибин тастыктоочу тиешелүү сертификаттар берилет”, - деди КӨФтүн аткаруучу директору Рысбек Акынбеков.

Ошондой эле, КӨФ жумушсуз жарандарды жана иш менен камсыздалбаган калкты окутуу жаатында республиканын бардык региондорундагы калкты иш менен камсыз кылуу кызматтары менен тыгыз кызматташат жана иштейт деп пландалууда. Кененирээк маалыматты КӨФтүн сайтынан: frn.kesip.kg ала аласыз.

Пикир

Оставить комментарий