• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эми Түркияга ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы менен гана кирүүгө болот

Дүйнө 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Эми Түркияга ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы менен гана кирүүгө болот, - деп билдирет коронавируска каршы Республикалык штаб.

Маалыматка ылайык, Түркия Республикасынын өкмөтү Түркияга келип жаткан жүргүнчүлөр үчүн милдеттүү түрдөгү коронавируска терс тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабын киргизди.

Аталган талапка ылайык, аба каттамы менен келген ар бир жүргүнчү 2020-жылдын 28-декабрынан, ал эми жол транспорту менен келген ар бир жүргүнчү 2020-жылдын 30-декабрынан тартып ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

ПЦР-тест Түркиянын чек арасын өтүү учурунан 72 сааттан көп эмес убакытта жасалышы керек.

6 жашка чейинки балдар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүдөн бошотулат.

Аталган талап 2021-жылдын 1-мартына чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий