• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы августтун аягына чейин өтөт

Дүйнө 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы августтун аягына чейин болот. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Министрдин айтымында, азыркы тапта кепил өлкөлөрдүн – Орусия, Түркия жана Ирандын эксперттери Тегеранда жолугушуп, Астанада талкуулана турган маселелерди пландашууда.

Өткөн айда Орусия, Иран жана Түркия Астанадагы эки күндүк отурумдан кийин Москва сунуштаган коопсуз зоналар боюнча акыркы чечимге келишкен эмес.

Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын аскерлерин колдоп келсе, Түркия оппозициячыл күчтөрдү кубаттоодо.

Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри коопсуз зоналарды түзүү боюнча сирия оппозициясы менен макулдашууга жетишкенин билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий