• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Операциядан кийин бейтаптын ичинде кайчы калып калган. Индияда болгон окуянын жоо-жайы

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Индиянын Теланган штатынын Хайдарабад шаарынын тургунунун денесине жасалган операциядан кийин кайчы калып калган. Бул тууралуу Day.Az агенттиги индиялык басылмаларга шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, Махешвари аттуу жаран грыжа оорусу менен жабыркап, былтыр ноябрь айында операция жасаткан. Бирок эки күн мурун ал айымдын ичи чыдатпай ооругандыгынан күйөөсү аны ошол эле хирургия бөлүмүнө алып келген. Дарыгерлер рентгенге түшүрүп, бейтаптын ичинде үч ай мурун операция жасатканда калып калган кайчыны көрүшкөн.

Дарыгерлер кайрадан 33 жаштагы Махешвариге операция жасап, кайчыны алып чыгышкан. Учурда бейтаптын саламаттыгы жакшы.

Бирок кыздын туугандары бул боюнча полиция кызматкерлерине кайрылып, шалаакы дарыгерлерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий