• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Маша жана Аюу" мультфилиминин бир эпизоду Гиннестин рекорддор китебине кирди

Дүйнө 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. "Маша жана Аюу" мультфилиминин бир эпизоду Гиннестин рекорддор китебине кирди, деп жазат РИА Новости агенттиги.

Маалыматка ылайык, "Маша+ ботко" эпизоду YouTube'да эң көп көрүлгөн анимациялык ролик катары рекорддор китебине кирди.

Бүгүнкү күндө аталган эпизод 3 млрд 401 млн жолу көрүлгөн.

Эске салсак, Россиялык «Маша жана Аюу» мильтфильми 2009-жылы чыккан. Дүйнөнүн 36 тилине которулуп, 100 ашуун өлкөлөрдө көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий