• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы эмне эгүү керек – Айыл чарба министрлигинин сунуштары

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги 2019-жылы кайсы азыктарды тигүү керектиги тууралуу өз сунуштарын берген.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2019-жылга картөшкөнүн аянты 81,2 миң га, же өткөн жылдан 3,2 миң га азайышы болжодонууда. Картөшкөнүн аянттарынын кыскарышынын негизги себеби 2018-жылда коңшу Өзбекстан, Казакстанда жана Росиияда картөшкөнүн түшүмдүлүгү жогору болуп, баалардын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүлөт.

Дан өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты орточо 620 миң га деңгээлинде калууда, же жалпы себүү аянтына карата 51,1%ды түзөт. Быйылкы жылы баардык дан эгиндеринин себүү аянттары 623,0 миң га түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 миң га аз күтүлүүдө. Ошону менен бирге бул мөөнөттүн ичинде кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарында өзгөрүүлөр болду. Алсак, 2019-жылы түшүмдүүлүгү төмөн болгон тоолуу аймактардын эсебинен аштык буудайдын айдоо аянты 12,3 миң гектарга азайып, жалпы 241,5 миң га болжолдонууда.

Ошол эле убакта арпанын себүү аянты быйылкы жылга 5,9 миң га арпанын айдоо аянты жогорулайт.

Ошондой эле жүгөрүнүн даны боюнча 3-жыл ичинде 3,8 миң га аянтка көбөйгөн. 2019-жылы да 105,8 миң га чейин жетип, 2018-жылга караганда 700 га көп эгилиши күтүлүүдө.

Ал эми чанактуу өсүмдүктөр, негизинен төө буурчак боюнча Талас облусунун эсебинен 56,5 миң га аянттан 61,6 миң га аянтка чейин себүү аянты кескин өскөн, 2019-жылга карата анын аянты 64,2 миң га болжолдонууда.

Техникалык өсүмдүктөрдү себүү аянттарынын да өсүүсү байкалды, же жалпы себүү аянтына карата 3,2 % түзөт. Алсак, пахтанын аянты 2018-жылы 23,0 миң га пахта эгилип, же 2016 жылга караганда 6,4 миң га өскөн. Быйылкы жылга 25,2 миң га болушу күтүлүүдө. Ошондой эле тамекинин себүү аянты үч жылда 200 гектардан 700 га чейин жетти. Ал эми быйыл да 900 га чейин болжолдонууда.

2016-жылдан тартып кант кызылчасынын себүү аянты 11,3 миң гектардан 16,3 миң га чейин көбөйгөн. Бирок, быйылкы 15,3 миң га чейин себилиши күтүлүүдө.

Ошол эле учурда, калк арасында жогорку суроо-талапка ээ, жана анын өндүрүүчүсү рыноктук баа үчүн пайдалуу болгондуктан сулунун жана күрүчтүн аянттары өстү.

Министрлик илимий жактан негизделип иштелип чыккан которуштуруп айдоо схемасын жана өсүмдүктөрдү алмаштырып айдоо иштерин жөнгө салуу максатында жердин азыктуулугун сактоо жана көтөрүү, ошондой эле тоют маселесин чечүү багытында көп жылдык чөптөрдүн себилишин көбөйтүүнү сунуштайт. Ошондуктан, быйыл тоют өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 12,2 миң га көбөйүп, жалпы 382,3 миң га күтүлүүдө.

Жыйынтыгында, быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн жалпы себүү аянты 1219,4 миң га түзүп, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң га кеңейиши болжолдонууда. Мындай көбөйтүү негизинен аянттардын иштетилбей жаткан жерлердин эсебинен болот.

2017-жылга караганда 2018-жылы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянты 700 га көбөйүп, жалпы 49,5 миң га жетти, ал эми түшүмдүүлүгү 50,3 ц/га түзүп, өткөн жылдан 1,4 ц/га өстү. Быйылкы жылы да мөмө-жемишти өстүрүүгө жана экспортко чыгарууга шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп, интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгылат.

Пикир

Оставить комментарий