• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирустан 4,2 миң адам көз жумса, 65,7 миң адам айыккан

Дүйнө 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 284 адамга жетти. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн-картада айтылат.

Маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандардын саны 119 086 адамды түзсө, ал эми илдеттен 65 762 адам айыккан.

COVID-19 вирусунан көз жумгандардын көпчүлүк бөлүгү – 3148 адам кытайлыктар, анын ичинде Хубей провинциясында – 3046 адам.

Экинчи орунда Италия – 631 адам, Иран – 291, Түштүк Корея – 54, Испания – 35, Франция – 33, АКШ - 28 адам. Бардыгы болуп бул илдет дүйнөнүн 114 өлкөсүндө катталган.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда да илдетке чалдыккан учурлар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий