• 88.68
  • 95
  • 0.95

USAID Кыргызстандын китепканаларына 68,6 миң балдар китептерин тапшырды

Билим 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Кыргызстандын 83 коомдук китепканасына 68 миң 680 балдар китебин тапшырды. Бул тууралуу USAID`ден билдиришти.

Китептерди тапшыруу аземи Чолпон-Ата шаарында өтүп, маданият министринин кеңешчиси Мукталы Бектеналиевдин жана USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун директору Сауле Хамзинанын катышты.

Иш-чара Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканасы тарабынан уюштурулган, белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Ысык-Көл-2023: Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу" XXI эл аралык конференциянын алкагында өттү.

Жаңы китептер USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун колдоосу менен түрлүү жанрлардагы 1500 китептерди жараткан 80 жергиликтүү автордун жана 35 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Китептер үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктарды илгерилетет жана билим алууга болгон ынтызарлыкты жана чыгармачылыкты өнүктүрөт.

Бул китептердин электрондук нускалары, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китеп Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык Bloom Library санарип китепканасында жеткиликтүү.

USAIDдин "Окуу керемет!" долбоору башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат жана өлкөнүн мектептеринин 75% камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий