• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Жаманкулов: Калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлдү, - деп билдирди КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле активдүү жана кайдыгер эмес жарандар оор кырдаалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн «Жардам штабы» кыймылына биригишти.

Министрдин айтуусуна караганда, учурда бул кыймылга жыйырмадан ашык коомдук уюм кошулду жана «Жардам штабы» Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштеп баштады.

«Негизи бүгүнкү күндө азык-түлүк, коргонуу каражаттарына муктаж болгон жарандар же үй-бүлөлөр «Жардам штабына» кайрыла алышат. Ал үчүн атайын бир канча канал иштеп чыктык. Алар саат 09:00дөн 18:00гө чейин call-борбордун «1227» түз байланыш номуруна чалып кайрылуу аркылуу (чалуу акысыз), «Народный штаб-Биз барбыз» Telegram-каналы аркылуу ошондой эле мобилдик «Жардам берем» тиркемеси аркылуу жана «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылуусу зарыл», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий