• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Жаманкулов ооруканада дарыланып жаткан белгилүү актер Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ооруканада дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушуу учурунда министр Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырган.

Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында даарыланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин актер жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.

Пикир

Оставить комментарий