• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинети эки министрликти кайра түздү жана бир катар ведомствонун атын өзгөрттү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

1) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен туризм чөйрөсүндөгү функцияларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

2).Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.

2..Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

1).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкү функциялар:

инвестициялар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу;

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүү үчүн өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

2).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд деп кайра аталсын;

3).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент деп кайра аталсын;

4).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.

3..Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

1).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен миграция чөйрөсүндөгү функциялар, буга төмөнкү чөйрөдөгү функциялар кирбейт:

чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспоралары жана мекендештер менен байланыштарды жана карым-катнаштарды өнүктүрүүгө жана сактоого көмөк көрсөтүү;

чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу;

2).тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор, мында ал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбор деп кайра аталсын.

4. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функцияларын, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү, реестрге киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууну жүзөгө ашыруу боюнча функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги болуп;

2).Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле төмөнкү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды төмөнкүлөргө өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги болуп;

–.өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине;

–.геология, жер казынасын коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын пайдалануу, геологиялык иштерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине;

3) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)” мамлекеттик мекемеси болуп;

4) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы болуп;

6).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору болуп;

7) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту” мамлекеттик мекемеси болуп;

8) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы болуп;

9).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп;

10).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитациялоо борбору болуп;

11).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп;

12).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси болуп;

13).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп;

14).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Туризм департаменти болуп;

15).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы болуп;

16).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматы болуп;

17).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматы болуп;

18).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду болуп;

19).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти болуп;

20).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору болуп;

21).Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти болуп;

22).Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент болуп;

23).Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти болуп;

24).Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле төмөнкүлөрдүн сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат болуп:

–. өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын (тоо-кен көзөмөлү);

–.көмүрдүн жана отундун сапатына милдеттүү талаптардын;

25).Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту болуп;

26).Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту болуп;

27).Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы болуп;

28).Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы болуп;

29).Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы болуп;

30).Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти болуп;

31).Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаменти болуп;

32).Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы болуп;

33) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы болуп;

34).Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы болуп;

35) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат болуп;

36) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат болуп;

37) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти болуп;

38) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти болуп;

39) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти болуп;

40) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти болуп;

41) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти болуп;

42) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департамент болуп;

43) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы болуп;

44) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту болуп;

45) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту болуп;

46) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы болуп;

47) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат болуп;

48) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы болуп;

49) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы болуп;

50) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү функцияларды аталган министрликтин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти болуп;

51) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы болуп;

52) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Гидрометеорология кызматы болуп;

53) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борбору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти болуп;

54) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти болуп;

55) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти болуп;

56) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору болуп;

57) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы болуп;

58) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасы болуп;

59) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Тармактар аралык окуу борбору аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен Тармактар аралык окуу борбору болуп;

60) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат болуп;

61) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат болуп;

62) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы болуп;

63) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти болуп;

64) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Витязь” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берүү менен “Витязь” мамлекеттик ишканасы болуп.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтер жана мамлекеттик комитеттер менен биргеликте штаттык бирдиктердин, түзүмдөрдүн жана мамлекеттик кызмат орундарынын тиешелүү ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын, чектүү штаттык саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери белгиленген тартипте:

1) үч күндүк мөөнөттө:

– түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– чечимдердин долбоорлорун, анын ичинде ушул токтомдон келип чыгуучу министрликтердин жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун, ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;

2) финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү маселелерин чечүү үчүн комиссияларды түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну камсыз кылсын;

3) штат өткөрүлүп берилгенде ушул токтом күчүнө кирген күнү тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер өткөрүлүп берилген функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик кызматтын түрлөрүн өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен которулууга тийиш экендигин эске алсын;

4) бошотулган кызматкерлерди жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;

5) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

6) жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылсын;

7) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинде мамлекеттик органдарды тейлеген кызматкерлердин (техникалык тейлөө персоналы, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен бекитилген тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн эмгек акы төлөөнүн белгиленген колдонуудагы шарттары боюнча жүргүзүлөрү;

– бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөрү.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий