• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Асрандиев №1 шаардык ооруканага, Мадумаров Улуттук госпиталга куратор болду. Тизме

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча бекитилишти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров;

№1 шаардык клиникалык оорукана – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев;

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасы – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова;

«Семетей» обсервациясы – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров;

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

Улуттук урология борбору – Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Жаманкулов;

Улуттук фтизиатрия борбору – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов;

Темир жол ооруканасы – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту – Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

Улуттук онкология борбору - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев;

«Континент Интергельпо» обсервациясы – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов;

№2 төрөт үйү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун төрайымы Эльнура Боронбаева;

Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев;

А.Каниметов атындагы №1 интернат – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов;

№6 шаардык клиникалык оорукана – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.

Пикир

Оставить комментарий