• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети маданият, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлерге милдеттүү эмдөөнү киргизди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинети маданият, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн милдеттүү эмдөөнү киргизгенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы №800 «Жугуштуу ооруларды иммунизациялоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошентип, аталган токтом менен республиканын аймагында аткарылышы жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана милдеттүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси бекитилди.

“Бул тизме эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы иштер (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, спорттук жана эс алуу борборлору, фитнес клубдар) менен толукталды”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинети белгилегендей, тизмеге алгач жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды тейлөө боюнча иштер, бардык түрдөгү жана типтеги окуу жайларында иштөө каралган.

Коронавирустук пандемияга байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий