• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети жаңы жылда бюджеттин ресурстук бөлүгүн 400 млрд сомго жеткирүүнү пландоодо

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын долбоорун жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкулоонун жүрүшүндө 2022-жылы бюджеттин ресурстук бөлүгүн 400 млрд сомго, 2023-жылы 500 млрд сомго, ал эми 2024-жылы 560 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, сөз мамлекеттик бюджетти үч жыл ичинде эки эсеге көбөйтүү тууралуу болууда.

“Максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулаштышыбыз керек”, - дейт ал.

Байсалов көптөн бери чечилбей келген маселелер бар экендигин белгиледи.

“Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү оор учурду башынан өткөрүп жатат. Биз пандемия жана кризис учурунда жашаганды үйрөндүк. Учурда Кыргызстандын экономикасынын калыбына келүү процесси байкалууда. Реалдуу экономикалык өсүүнүн негизги факторлору коомдук-саясий абалдын туруктуулугу жана өлкөнүн ар бир жаранынын колдоосу болуп саналат”, - дейт министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий