• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинде агроөнөржай комплексинин кластердик механизмин өнүктүрүү долбоору каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Министрлеркабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө кластердик системаны өнүктүрүү, жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн вегетация мезгилинде үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана сугат суусу менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев белгилегендей, агроөнөржай комплексин жөнгө салуу механизмдеринин өркүндөтүлбөгөндүгү жана натыйжасыз башкаруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн эмгек өндүрүмдүүлүгүнө өз таасирин тийгизүүдө.

«Бизде айыл чарба кластерлеринин ийгиликтүү мисалдары бар. Алардан үлгү алып, мамлекет тарабынан максималдуу колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Күйүүчү-майлоочу майлар, үрөн менен камсыз кылуу, кийинки экспортко документацияларды даярдоо – бул багыттар боюнча колдоо көрсөтүү зарыл. Кластердик өндүрүштү өнүктүрүү менен биз аймактарды өнүктүрүүгө салым кошобуз, натыйжада, жергиликтүү калк иш менен камсыздалып, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артып, өндүрүлгөн продукциянын сапаты жогорулайт», - деди Азиз Аалиев.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев атамекендик агроөнөржай комплексин кластердик өнүктүрүү саясатынын концепциясы менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, ишканаларды иш түрү боюнча 9 негизги кластерге, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу ишканаларга бөлүштүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, долбоорго ылайык, ар бир кластерге акыркы натыйжага багытталган максаттуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жолугушууга бизнес-коомчулук өкүлдөрү катышты, алар агроөнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын билдиришип, ошондой эле өндүрүштүк иштерге байланыштуу келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айтышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, кластердик системанын принцибинде иштеген ишканалар өз тармагында лидер болуп калышат, бул дыйкан чарбаларын кластерлерге бириктирүү үчүн кошумча стимул боло алат.

Пикир

Оставить комментарий