• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү программасынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Программада инженердик-транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, аймакты көрктөндүрүү, жарандарды турак-жай менен камсыздоо жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу каралган.

Программаны даярдоодо өзгөчө көңүл жаңы жумуш орундарын түзүү, токтоп турган өнөр жай объектилерин ишке киргизүү, ошондой эле социалдык объектилерди куруу маселесине бурулган.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, шаарды өнүктүрүү бир нече бөлүктөрдөн турушу керек. Бул шаардын бюджетин толтурууга, шаардыктардын бакубаттуулугун жакшыртууга жана шаар тургундарынын санынын өсүшүн эске алуу менен шаарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлор.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле ар бир багыт боюнча комплекстүү мамиле жасоо менен бизнес долбоорлорду эсеп-кысабы менен даярдоо керектигин белгиледи. Мисалга, курулуп жаткан көп кабаттуу турак-жай комплекстеринде алгач жер астындагы унаа токтотуучу жай жана бала бакчалар каралышы керек. Атайы техникаларды сатып алууда оңдоо базасынын болушуна, же аны түзүүгө көңүл буруу керек, анткени бир жылдан кийин жабдуулардын белгилүү бир бөлүгү тетиктердин жоктугунан жараксыз болуп калат.

«Негизги максат – жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатуу. Биз сиздерге бардык зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болуп, окуу процесси менен таанышып, окуу жайды өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттерди койду.

Пикир

Оставить комментарий