• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы АКА-Банктын башкаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына жумушчу сапарынын алкагында АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда банк тармагында кызматташуусун жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, эки өлкө ортосундагы банк чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү орнотуу Германиянын Кыргызстанга карай экспортунун көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Атап айтканда, тартылган каражаттар айыл чарба, жашыл энергетика, өнөр жай сыяктуу тармактарга багытталышы мүмкүн.

АКА-Банктын Башкаруучу директору Марк Венчик өз кезегинде Кыргызстан менен финансылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар германиялык тараптын Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика жана тоо-кен өнөр жайы тармагындагы бир катар келечектүү долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: АКА Банк (Ausfuhrkredit-Gesellschaft mbH – Экспорттук-кредиттик корпорация – кыскартылганы - АКА) – 1952-жылдын 28-мартында Германиядагы ири банк филиалдары, ири аймактык жана мамлекеттик банктар, ошондой эле алдыңкы жеке банктар консорциумга биригип, Франкфурт-на-Майнеде Экспорттук-кредиттик корпорацияны негиздешкен, ал АКА Банк деп аталган.

АКА Банк Германиянын экспортун каржылоочу жана кредиттик линияларды камсыз кылуучу адистештирилген экспорттук каржылоо банкы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий