• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирлан Айталы: Экзит-поллдун жыйынтыктары шайлоо процесси аягына чыгары менен жарыяланат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн 2021-жылдын 10-январында, өлкөнүн бардык аймактарында экзит-полл, башкача айтканда, электоралдык коомдук изилдөө жүргүзүлүүдө. Sayasat.kg маалымат-аналитикалык порталынын расмий өкүлү Мирлан Айталы билдиргендей, добуш берүү участкаларын буга чейин өтүп келген шайлоо өнөктөрүнүн артыкчылыктарын эсепке алуунун негизинде (2 чоң шаар жана 7 облус), шайлоо укугуна ээ болгон жарандардын саны жана аймактын түрүнө (шаар же айыл) жараша тандалып алынды.

Ал айткандай, маалымат саат 21:00дөн кеч эмес, изилдөө борборунун интернет сайтында, андан соң массалык маалымат каражаттарына толук түрдө таркатылат.

Жалпысынан 2465 аймактык тандоо комиссиясындагы 243 сурамжылоо түйүндөрүнөн алынган маалымат, экзит-поллго катышкан жарандардын 95 пайызы ачык жана ишеничтүү жооп берген учурда, топтолгон көрсөткүчтөрдүн так болбой калышы 3 пайыздан ашпайт.

"Сурамжылоону жүргүзүү процесси бардык экзитпол түйүндөрүндө бир ыкмада өтөт. Добуш берген жарандардын ар бешинчисине сурамжылоого катышуу сунушу менен кайрылабыз. Изилдөөнүн жыйынтыктары сапаттуу болуш үчүн атайын даярдалган адистер керектелет", - деди Айталы.

Ар бир аймактык тандоо комиссиясында эки адам иштемекчи. (1-смена 8.00 - 14.00, 2-смена 14.00 - 20.00).

Интервюерлер шайлоого катышкан жарандарга эки суроо узатышат.

1. Кайсы талапкерге добушунузду бердиңиз?

2. Кайсы башкаруу формасына добуш бердиңиз?

Интервюерлердин ишмердүүлүгү аймактык атайын топтун башчысы аркылуу координацияланат. Алар ар бир саат сайын интервюерлерге телефон аркылуу байланышып, алынган жыйынтыктарды, маалыматты иликтөө борборуна жөнөтүшөт.

Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын "Кыргыз Республикасынын президентти жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо боюнча" 22-беренесине ылайык, жургүзүлгөн электоралдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын шайлоо күнүндө жана ага чейинки 5 календардык күндүн аралыгында жарыялоого тыюу салынат.

Мындан улам, экзит-поллдун жыйынтыктары шайлоо процесси аягына чыгары менен, башкача айтканда саат 20:00дөн кийин дароо жарыяланат.

Жыйынтыктар тууралуу маалымат Sayasat.kg маалымат-аналитикалык порталынын жардамы аркылуу жайылтылат. Ал эми саат 21:00дөн кеч эмес, изилдөө борборунун интернет сайтында, андан сон массалык маалымат каражаттарына толук түрдө таркатылат.

Пикир

Оставить комментарий