• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирлан Парханов аймактардагы жаштар борборлорунун курулушу менен таанышып келди

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов Кара-Балта шаарындагы жаштар борборундагы оңдоо иштери, Балыкчы шаарындагы жана Кочкор айылындагы (Нарын облусу) жаштар борборлорунун курулушу менен таанышып келди.

Агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кара-Балта жана Балыкчы шаарларында иштер толугу менен аяктап, кезекте имараттарды материалдык-техникалык камсыздоо турат.

Кочкор айылындагы жаштар борборунун курулушу ушул жылдын сентябрь айынын аягында аяктаары күтүлүүдө.

Иш-сапардын алкагында М. Парханов айыл өкмөттөрдүн жана шаарлардагы мэриялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ал жаштардын дараметин өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иш алып баруусунун чоң мааниси бар экендигин белгилеген.

"Парханов жаштар борборлору жергиликтүү бийлик органдары менен жаштардын ортосунда көпүрө боло алат деп ишеничин билдирди. Ошондой эле борборлор активдүү жаштар көйгөйлүү маселерди талкуулап, алардын чечилишине катыша ала турган, коомго пайдалуу жаңы демилгелер жаралган аянт болуш керек деп айтты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Мамагенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Кочкор районунун Теңдик айылындагы (Нарын облусу) Калык Мөндүрбаев атындагы жаңы спорттук зал менен таанышып өттү. Спорттук залдын экинчи кабатында да жаштар борбору жайгашкан.

Белгилей кетсек, өлкөнүн аймактарындагы жаштар борборлорун оңдоо жана куруу иштери БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Борбордук Азиядагы зомбулук экстремизмди алдын алуу максатында жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун бекемдөө" долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 10 жаштар борборунун ачылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий