• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиёев Кыргызстан элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мындан дагы бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоо телеграммасында

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий