• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин мамкызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кадрдык потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын

  1. 7-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:

– 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилик кызмат ордуна дайындоодо жетекчилик кызмат ордунда иштеген стажды эсептөө үчүн Президенттин Администрациясынын (анын ичинде мурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын) түзүмдүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик инспектор, башкы эксперт, инспектор, эксперт кызмат орундарында иштеген мезгилдери жетекчилик кызмат орду катары эсептелет.”.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
    2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жободо:

– төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“51. Бош жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө талапкердин иш стажын эсептөөдө мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчилик кызмат ордунда убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана/же муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча анын иштеген мезгилдери мамлекеттик кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын стажына жетекчилик кызмат орду катары эсептелет".

Жарлыктын тексти

Пикир

Оставить комментарий