• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МКК чет өлкөлүк биометрикалык паспортторду жарым жылдан кийин чыгарууну пландаштырууда (эскиз)

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгынан тарта чет жакка чыгуучу биометрикалык паспортторду чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жалпы жарандык паспортторду даярдоо үчүн жабдуулар БУУ ӨП жана Япония өкмөтүнүн колдоосунда сатылып алынган.

Бардык техникага 1 млн евро кеткен.

Жаңы жабдуулар лазердик сүрөттөрдү басып чыгаруу, маалыматтарды программалык камсыздоо жана сактоо, лазердик модуль сыяктуу жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду персоналдаштыруу талаптарына жооп берет. Булар саатына 300 паспортко тексттик жана сапаттуу сүрөт маалыматтарын киргизе алышат. Бул өз кезегинде паспортторду даярдоо процесстерин оптималдаштырат.

Жаңы технологияларды киргизүү жана калкты документтештирүү процесстерин жакшыртуу мындан ары да уланмакчы.

Белгилей кетсек, МКК сыртка чыгуучу паспорттордун болжолдуу эскиздерин бекитти.

Пикир

Оставить комментарий